19:14
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Капиталдык оңдоо иштери аяктады. Ошто Шамшиев көчөсүндөгү көпүрө ачылды

Ош шаарындагы Шамшиев көчөсүндө жайгашкан көпүрө капиталдык оңдоодон кийин кайра ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Көпүрөнүн узуну 9 метр, кеңдиги 21 метрди түзөт. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар , жашыл аймак каралып, суу түтүктөрү тартылып, ирригациялык лотоктор орнотулду. Буга чейин Ж.Шамшиев көчөсү да толук оңдолуп, пайдаланууга берилген. Анда жолдун жалпы узундугу 600 метр жана 4 тилкелүү болуп, жол 22 метрге кеңейтилген.

Аталган көпүрө аркылуу Ош облусттук ооруканасы жана шаардын кире бериш аймагына чыгып, кирүүгө болот. Андыктан унаа кыймылы күч.Бирок бир да жолу жол оңдоо иштери жүргөн эмес. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда жолду кеңейтүү жана асфальттоо тапшырмасын берген. Анын алкагында тоскоолдук жараткан бир нече курулуштар алынган. Натыйжада шаар тургундарына ыңгайлуу заманбап жол курулду.

Ж. Шамшиев көчөсүндөгү бардык оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

Эң көп окулган жаңылыктар