Иранда өкмөткө каршы нааразычылык акциялары уланууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекендештерин өлкөгө баруудан баш тартууга чакырууда.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, Ирандагы нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын Иран өлкөсүнө шашылыш жана аргасыз жумуштар болбосо, убактылуу баруудан баш тартууну сунуштайт.
Ошондой эле Ирандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарына төмөнкүлөр сунушталат:
- сактыкты жана этияттыкты жогорулатуу;
- эл көп чогулган жерлерден, демонстрациялардан жана башка нааразычылык акцияларынан оолак болуу;
- жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын талаптарын жана сунуштарын так сактоо;
- жаныңызда инсандыкты ырастоочу документтер, ошондой эле Кыргызстандын элчилигинин байланыш маалыматтары болушу керек;
- жергиликтүү бийликтин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн расмий билдирүүлөрүнө көз салып туруу.
Министрлик кырдаалдын өнүгүшүнө тыкыр көз салып, жарандарды өзгөрүүлөр жөнүндө ыкчам кабардар кылып турат.
Өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда Тегерандагы элчиликке ыкчам түрдө кайрылуу сунушталат. Ишеним телефон номери: +989352505226, +989352505229


