00:58
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Ажылык −2026: Медициналык жана транспорттук камсыздоо маселелери талкууланды

Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын делегациясы Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарына болгон иш сапарынын алкагында ажылыкка байланыштуу маанилүү мекемелер менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу башкармалыктан билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач делегация Saudi German Hospital — Makkah медициналык мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушуп, анда зыяратчыларга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар, алдын ала текшерүүлөр жана расмий медициналык документтерди даярдоо процесстери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү.

Мусулмандардын дин башкармалыгы
Фото Мусулмандардын дин башкармалыгы. Зыяратчылардын медициналык жана транспорттук камсыздоо маселелери талкууланды
Делегация мындан соң ажылык учурунда кыргызстандык ажыларга кызмат кылуучу Rawaf транспорттук компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда ажыларды шаар аралык жана шаар ичинде, анын ичинде Харам мечитине ташуу, коопсуздук чаралары жана график маселелери талкууланып, тиешелүү маселелерди талкуулашты.
Эң көп окулган жаңылыктар