Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алдамчылыкка шектүү адамды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, С.У.Э. аттуу жаран Кыргызстандын президенти жана УКМКнын төрагасы менен жакын үй-бүлөлүк мамилеси бар экенин шылтоо кылып, башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган
Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, шектүү жаран базар баасы болжол менен 65 миң долларын түзгөн 2022-жылы чыгарылган Toyota Tundra үлгүсүндөгү унааны жана баасы 15 миң долларга бааланган 2011-жылкы Mercedes-Benz A-class унаасын алдап өзүнө каттаткан.
Мыйзамдуу ээси унааларды кайтарып берүүнү талап кылганда, С.У. физикалык коркутууларды колдонуп, ошондой эле республиканын жогорку жетекчилиги менен болгон байланыштарын жүйө келтирип, мүлктү кайтарып берүүдөн баш тарткан. Мындан тышкары, жолугушуулар учурунда ал ар кандай маселелерди чечип бере ала турган мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтып, өлкө жетекчилигинин үй-бүлөлүк сүрөттөрүн көрсөтүү аркылуу сөздөрүн далилдөөгө аракет кылган.Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Анын алкагында С.У. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.


