01:22
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

IV Элдик курултайдын биринчи күнү аяктады

Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик курултай өз ишин аяктады. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат катышты.

Иш-чарага чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин жана диний конфессиялардын өкүлдөрү да чакырылган. Адегенде президент Садыр Жапаров бир катар программалык билдирүүлөрдү жасап, коомдук мааниге ээ болгон негизги маселелерге жана өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

Мугалим жана дарыгерлердин кадыр-баркын көтөрүүгө, жарандарды социалдык жактан коргоого, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга, ошондой эле аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Президент мындай көрүнүштөрдүн жол берилгис экенин жана коомдук баалуулуктарды жана маданиятты өзгөртүү зарылдыгын баса белгиледи.

Садыр Жапаров ошондой эле аймактык өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, турак жай программаларын ишке ашыруу жана инвестиция тартуу артыкчылыктарын белгилеп, экономиканын туруктуу өсүшүнө, ИДПнын жогорулашына жана өлкөнүн финансылык базасынын чыңдалышына токтолду.

Андан соң өлкө боюнча бир катар өнөр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды.

Элдик курултайдын биринчи күнүндө болжол менен 150 делегаттар сөз сүйлөштү. Алар унаа жолдорун оңдоо жана куруу, суу менен камсыздоо объекттерин жана социалдык мекемелерди жаңылоо, ошондой эле аймактарда жеткиликтүү турак жай куруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жайыт жерлерине байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча сунуштар айтылды.

Эскерте кетсек, эртең Элдик курултай өз ишин улантат.

Эң көп окулган жаңылыктар