Жогорку Кеңеш Гүлзат Исаматованы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берди. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Эл өкүлдөрү министрдин милдетин аткаруучуга бир катар суроолорду беришип, андан кийин анын талапкерлигин колдошту. 77 добуш «макул», бир добуш «каршы» берилди.
Талкуунун жыйынтыгында Гүлзат Исаматованы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берип, тиешелүү токтом кабыл алынды.


