15-декабрдан 21-декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 295 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 1 558;
- мас абалында унаа башкаруу — 424;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 135;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 565;
- унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 980;
- авто ээнбаштык —29;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 569;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 4;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 8 312;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 719 унаа токтотуучу жайга токтотулган.


