16:36
USD 87.45
EUR 102.60
RUB 1.09

Милиция кызматкерлери кош бойлуу аялды төрөт үйүнө тез жеткирүүгө жардамдашты

Бишкекте кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Горький көчөсүндө кызмат өтөп жатканда, жарандар кош бойлуу аялды төрөт үйүнө жеткирүүгө жардам сурап кайрылышкан. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер дароо чара көрүп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен кош бойлуу аялды тыгындарсыз жана ыкчам түрдө медициналык мекемеге жеткиришкен.

Милиция кызматкерлеринин координацияланган жана кесипкөй аракеттеринин аркасында аталган кош бойлуу аялга өз убагында жардам көрсөтүлүп, белгиленген дарекке өз убагында жеткирилген. Бул дагы бир жолу кайгуул кызматтын жарандарга кандай гана кырдаал болбосун жардам берүүгө даяр экенин тастыктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар