Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында эгиздер төрөлдү. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов үй-бүлөнү кубанычтуу окуя менен куттуктады.
Ал республикалык бюджеттин каражаттарына толугу менен оңдолгон Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүнө барды. Мекеме 70 орунга ылайыкташтырылган жана энелердин жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугу үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылат.
Учурда эне жана балдардын саламаттыгы жакшы экендиги айтылды.


