Бир жумадан бери Бишкектин Биринчи май районунда жашы жете электердин кылмыштуулугун, балдардын кароосуз калышын алдын алуу жана кайыр сураган балдарды аныктоо максатында беш жолу рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддер күндүз жана түнкүсүн уюштурулду. Түнкү рейддер Ала-Тоо аянтында өттү. Күндүзгүлөрү район боюнча, анын ичинде Кудайберген жана Сары-Өзөн базарларында, ошондой эле эл көп топтолгон жерлерде, жер астындагы өтмөктөрдө жана соода борборлорунун жанында өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жашы жете электерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын коопсуздугу, укуктарын коргоо жана балдарды мыйзамсыз эмгек ишмердигине тартууга жол бербөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мэрия бул багытта дагы иштер улантыларын белгиледи.


