16:14
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын биринчи сессиясынын ачылыш аземи өттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын биринчи сессиясынын алгачкы жыйынынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Адылбек Касымалиев баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык алгачкы жыйын парламенттеги жаш курагы боюнча эң улуу депутат Гүлай Машрапованын төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды.

Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия көп мандаттуу 30 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныганын белгиледи. Ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыгында 29 округдан 87 талапкер мандатке ээ болуп, № 13-округдагы шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылганын билдирди.

Иш-чараны улай Тынчтык Шайназаров жаңы шайланган депутаттарга күбөлүктөрдү жана атайын үлгүдөгү төш белгилерди тапшырып, ант берүү аземи орун алды.

Андан соң Президент Садыр Жапаров депутаттарды элдин элегинен өтүп, тандалып келиши менен куттуктап, берген антына бекем турууга жана элге ак кызмат кылууга чакырды. Өлкө башчысы кыргыз парламентинин тарыхына жана өнүгүү этаптарына да кеңири токтолуп, ар бир депутат элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана иштеши керектигин кошумчалады.

Эске салсак, ушул жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар