18:53
USD 87.45
EUR 102.48
RUB 1.10

ЖК депутаты Улукбек Карыбек уулу антты үчүнчү аракетинде гана айта алды

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришти. Аземде 24-округдан шайланган Улукбек Карыбек уулу ант берүүдө ката кетирип, аны үчүнчү жолку аракетте гана толук окуду.

Ошондой эле, депутаттар Болот Ибрагимов менен Гүлнара Акимбаева ант берүү учурунда колун Конституцияга коюуну унутуп калышкан. Бирок кийин алар процедураны туура аткарышкан.

Эскерте кетсек, учурда парламентте 87 депутат ант берип жатат. Биринчи жыйынга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар