Франция курама командасынын жана ПСЖнын чабуулчусу Усман Дембеле Эл аралык футбол федерациясынын(ФИФА) 2025-жылдагы «Жылдын мыкты оюнчусу» наамына ээ болду.
Өткөн сезондо ал «Пари Сен-Жермен» менен Франциянын чемпионатын, Франция Кубогун, Франциянын Суперкубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңип алган. Ошондой эле, ал француз дөө-шаалары менен ФИФАнын клубдук дүйнө чемпионатынын финалына чыккан. Мындан тышкары Дембеле 2025-жылдагы «Алтын топту» жеңип алган.Өткөн сезондо 28 жаштагы чабуулчу бардык мелдештерде 53 беттеш өткөрүп, 35 гол киргизип, 16 голдук пас берген.


