Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 17-декабрдан 19-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Тактап айтканда:
- Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда;
- 198-255 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
- Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында;
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
- Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүшү күтүлөт.
Андыктан ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.


