Ош облусунун Кара-Суу районундагы Талдык айылында бир үй-бүлөдөн үч жаш бала иске ууланып, каза болду.
Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы ылайык, окуя 10-декабрда Талдык айылынан 27 жаштагы Т.С. жана 8 жаштагы Б.Н. аттуу тургундары ууланып ооруканага түшкөн.
Ал эми 6, 3 жана 1 жаштагы жаш балдар иске ууланып каза болгон. Алар Ош облустук ооруканага көз жумгандан кийин алып келингендиги тастыкталган.
Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Милиция учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатканын билдирди.


