Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда Япониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рюичи Хиранону ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алып, аны өлкөбүздөгү дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров Кыргызстан Японияны жакын дос жана маанилүү өнөктөш катары эсептей турганын белгилеп, өлкөлөр ортосундагы достук мамилелер жыл сайын чыңдалып жатканын өзгөчө белгиледи.
Садыр Жапаров элчинин ишмердүүлүгү кыргыз-япон алакаларын мындан ары тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
Өз кезегинде Япониянын элчиси Рюити Хирано көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жана өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин белгиледи.
Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентине Япониянын императору Нарухитонун жана премьер-министри Санаэ Такаитинин атынан жылуу салам жолдоп, алардын жакынкы аралыкта мамлекет башчысын Японияга сапар менен кабыл алууга даяр экендиктерин баса белгиледи.
Мындан тышкары ал эки өлкөнүн жетекчилигинин активдүү өз ара аракеттенүүсү жана колдоосу менен жакынкы келечекте япон-кыргыз кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп, жаңы мазмунга толот деп белгиледи.


