Бишкек шаарындагы Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар мининстрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүү иштери Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусуповдун жеке көзөмөлүндө болду.
Контейнерлердин биринен чыккан өрттү өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 10:16да чектөөгө алынган. Өрттүн аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзөт. Бишкек суу каналына 3 суу ташуучу унаа жардамга келген. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда. Жабыркагандар катталган жок.
Учурда өрттүн себеби жана келтирилген материалдык зыяндын көлөмү аныкталууда.


