8-декабрдан 14-декабрга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 19 миң 635 жол эрежесин бузуу фактысы аныкташты.
Маалыматка ылайык, 2984 унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган.
Анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 1 379;
- мас абалында унаа башкаруу — 259;
- унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу — 134;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу — 591;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежемин бузуу — 2 908;
- авто ээнбаштык — 25;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 515;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 8;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 8 832;
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 984 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.


