Эртең, 11-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Тоолуу аймактарда гана кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −12 ... −17, күндүз +1 ... +6;
Талас жергесинде түнкүсүн −11 ... −13, күндүз +4 ... +6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3 ... −5, күндүз +8 ... +10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −15 ... −17, күндүз −4 ... −6;
Нарын аймагында түнкүсүн −18 ... −20, күндүз −6 ... −8;
Бишкек шаарында түнкүсүн −13 ... −15, күндүз +4 ... +6.


