Улуттук тарых музейи Чүй өрөөнүнөн табылган сейрек кездешүүчү балбал менен толукталды. Археолог, тарых илимдеринин доктору Кубат Табалдыев көп жылдар бою жеке үйдө сакталып келген бул байыркы таш айкелди музейге расмий түрдө өткөрүп берди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Музейдин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова менен окумуштуунун жолугушуусунда балбалдардын Кыргызстанда азайып баратканы жана аларды коргоонун мааниси өзгөчө белгиленди.
Табалдыевдин айтымында, бул балбал кеч коло же эрте темир дооруна таандык болуп, музейдеги башка экспонаттардан өзгөчөлөнөт. Айкелдин көзү, мурутунун формаcы жана жасалышы айырмаланып, түрк маданиятынын кийинки кошулмалары байкалат.
Жылдыз Бакашова экспонатты узак убакыт бою сактап келген Алгожоев Бектемирдин үй-бүлөсүнө жана аны музейге өткөрүп берген окумуштууга ыраазычылык билдирди. Музей жетекчилиги тарыхый мурастарды коргоо жана коомчулукка жайылтуу иши мындан ары да улантыларын белгиледи.


