Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы жана Президенттик администрациянын аппарат жетекчиси Адылбек Касымалиев Сузак районунун Достук айылында гипсокартон өндүрүүчү заводдун ачылыш аземине катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы индустриялаштыруу өлкөнүн стратегиялык артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин, республика боюнча жылына 100дөн ашуун ишкана ишке киргизилип жатканын белгиледи.
Адылбек Касымалиевдин айтымында, ишкананын ишке кириши импорттук көз карандылыкты кыйла азайтууга, курулуш тармагын сапаттуу ата мекендик материалдар менен камсыз кылууга жана аймакта кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 млн чарчы метрге чейин гипсокартон барактарын жана 60 миң тоннага чейин гипс порошогун чыгарууга мүмкүндүк берет. Ишканада 80 жумушчу оруну түзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга 11,7 млн доллар инвестицияланган.


