Кытай 2026/2027 окуу жылында алдыңкы университеттеринде бакалавр, тилдик стажировка, магистратура жана докторантура программалары боюнча кыргыз жарандарына 15 мамлекеттик стипендия берет. Бул тууралуу КР Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, гранттар 2015-жылдын 16-декабрында Пекинде кол коюлган билим берүү жаатындагы кызматташуу боюнча ведомстволор аралык келишимдин алкагында берилет.
Каржылоого төмөнкүлөр кирет:
- окууга акы төлөө;
- жатаканада жашоо;
- ай сайын стипендиялык жөлөк пул алуу;
- медициналык камсыздандыруу.
Учуу жана виза чыгымдары стипендия пакетине кирбейт жана талапкердин жоопкерчилигинде болот.
Сынактын талаптары боюнча толук маалымат student.edu.gov.kg порталында жеткиликтүү.


