09:54
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 3-4-декабрда Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Исламабад шаарындагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар боюнча улуттук парктагы (NASTP) аскердик көргөзмө менен таанышты.

NASTP авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа болуп саналат.

Садыр Жапаров сапарынын экинчи күнүндө Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда эки жактуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика, инфраструктура жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү жаатында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Андан соң экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында кол коюлган документтерди алмашуу аземи болду.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы Инвестициялык диалогго катышты.

Бизнес-форумдун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берген толук маалымат берилди, Пакистан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчысынын сапарынын алкагында Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү, транспорттук-

логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Пакистанга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, 4-декабрда Бишкек шаарына кайтты.

Эң көп окулган жаңылыктар