22:20
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

«Манас» эпосун жайылтуу. Жети манасчыга батирлер тапшырылды

Жеке ишкер Нургалы Асаналиев тарабынан 7 манасчыга деп берилген ак өргөлөр өз ээлерине расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, бул демилге «Манас» эпосунун улуу мурасын жайылтууга жана аны жаш муун арасында кеңири жайылтууга багытталган.

Маданият министрлиги
Фото Маданият министрлиги. Жети манасчыга батирлер тапшырылды

Манасчылар Нургалы Асаналиевге бата беришип, өздөрүнүн чыгармачылык дараметин дагы көтөрүүгө даяр экенин билдиришти.

Ишкер Нургалы Асаналиев маданий мурастарды колдоону мындан ары да уланта беришин айтып, манасчыларга чыгармачылык ийгилик каалады.

Бул колдоо- манасчылык өнөрүнүн өнүгүшүнө жана элдик мурастын сакталышына чоң салым болору баса белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар