16:38
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.13

Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министринин расмий сүйлөшүүлөрү башталды

Исламабад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровду Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф тосуп алды. Саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аскердик оркестрдин коштоосунда жаңырды. Ардактуу кароол командири саламдашуу рапортун берди.

Андан соң Садыр Жапаров Ардактуу кароол командиринин коштоосунда килем төшөлгөн жол менен өттү. Кыдыруу аяктаган соң эки мамлекеттин расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен лидерлердин кыскача саламдашуусу болду. Расмий салтанаттан кийин мамлекет башчысы жана Пакистандын премьер-министри биргелешип бак отургузууга катышып, андан соң сүйлөшүүлөр үчүн залга бет алышты.
Эң көп окулган жаңылыктар