Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каракол шаарындагы «Асем» тиричилик комбинат мамлекеттин менчигине кайтарганын билдирди. Мүлк шаардык муниципалитетке өткөрүлүп берилди. Анын аянты 4028 чарчы метрди, ал эми жер тилкеси 0,5 гектарды түзөт.
Атайын кызмат Караколдун борборунда жайгашкан имарат 1993-жылы мыйзамсыз менчиктештирилгенин белгиледи. Мамлекеттик мүлк фонду мүлктү түз сатуу аркылуу, аукционсуз саткан, бул 1991-жылдын 20-декабрындагы «Кыргыз Республикасында мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн жалпы принциптери жөнүндө» мыйзамдын жоболорун бузат.
УКМК мыйзамсыз тартып алынган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтаруу аракеттери уланып жатканын баса белгиледи.


