23:24
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Садыр Жапаров Пакистандын аскер жана авиациялык технологияларын жогору баалады

Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Исламабаддагы Улуттук аэрокосмостук илим жана технологиялар паркындагы (NASTP) аскердик жана илимий-техникалык көргөзмөлөрдү кыдырып чыкты.

NASTP авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа болуп саналат.

Садыр Жапаров NASTP Alpha экспозицияларын көрүп чыкты, анда авиациялык техника, радиолокациялык жана коммуникациялык системалар, симуляторлор, программалык камсыздоо, жасалма интеллект, кибертехнологиялар жаатындагы иштеп чыгуулар жана космос индустриясынын продукциялары көрсөтүлгөн.

Президент ошондой эле Кытай менен Пакистан биргеликте иштеп чыккан JF-17 Thunder көп максаттуу кыйраткыч учактары менен кеңири таанышты.

Мамлекет башчысына учактын негизги согуштук мүмкүнчүлүктөрү жана техникалык мүнөздөмөлөрү, анын ичинде маневр жасоо жөндөмдүүлүгү, багыттоо жана курал-жарак системалары көрсөтүлдү. Садыр Жапаров учкучтун кабинасына кирип көрдү, адистер ага борттогу жабдуулар жана кыйраткыч учактын техникалык-эксплуатациялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

Мындан тышкары, президентке PAC MFI-17 Mushshak жеңил окуу-машыгуучу учагы, ошондой эле авиация адистерин окутууда маанилүү роль ойногон аба ырайынын ар кандай шарттарында жана кырдаалдарда учкучтук көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген тик учактын окуу симулятору көрсөтүлдү.

Президент Садыр Жапаров сунушталган иштеп чыгуулардын жогорку деңгээлин белгилеп, инновациялар жана жогорку технологиялар жаатында кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар