Кыргызстандык спортчу Бакыт Кадыров Испаниянын Мадрид шаарында өткөн жиу-житсу боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медалга ээ болду.
Ал CJJ мелдешинде 85 килограмм салмактагылар арасында чейрек финалдан баштап, биринчи орунду ээледи.
Кыргызстандык спортчу биринчи беттешинде латвиялык Алексей Зайцевди 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалда испаниялык Хосе Фернандести жеңди.
Финалда Бакыт Кадыров бельгиялык атаандашы Мишель Мерси менен беттешип, ишенимдүү түрдө 10:0 эсебинде жеңишке жетти.


