05:21
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.13

УКМК кыргыз жана кытай жарандары ортосунда массалык нике кыйылганын четке какты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактарда Кыргызстан менен Кытай жарандарынын ортосунда никелешүү көбөйүп жатат деген маалымат боюнча үн катты.

Ага ылайык, 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө катталган мындай никелердин саны болгону 129ду түзөт. Алардын көпчүлүк бөлүгү Кытай жарандары болуп саналган ар кандай этникалык топтордун, анын ичинде этникалык уйгурлардын, дунгандардын жана башка өкүлдөрдүн ортосунда түзүлгөн.

Ошол эле учурда титулдук улуттун өкүлдөрү менен кытайлыктардын (ханьдар) ортосундагы никелердин саны 44тү түзөт, алардын көпчүлүгү Кытайга туруктуу жашоого кеткендер.

Бул процесстер Кыргызстандагы жалпы демографиялык кырдаалга таасир этпейт.

УКМК расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар