Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районундагы «Санхаус плюс» турак жай комплексин курууда мыйзам бузууларга жол берген курулуш компаниясынын жетекчилери кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрда интернетке аталган комплекстин жашоочуларынын видео кайрылуусу жарыяланып, анда подрядчы өз милдеттенмелерин аткарбай, натыйжада имарат ишке берилбей жатканына нааразы болушкан. Курулуш башталганга чейин компания турак жай комплексин ири шаарда жашоого эң ыңгайлуу шарттарды, анын ичинде коопсуздук системаларын, тосулган аймакты, жеке жер астындагы унаа токтотуучу жайды жана башкаларды сунуштайт деп жарнамалаган.

Текшерүү учурунда үйдүн курулушу мыйзам бузуу жана макулдашылган долбоордон четтөө менен жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Чындыгында жашоочулар долбоорго киргизилген жер астындагы унаа токтотуучу жайларды алышкан эмес.
Ишкананын жетекчилиги кирешени көбөйтүү максатында жер астындагы унаа токтотуучу жайды долбоорлоо документтерин жана курулуш нормаларын бузуу менен, бекитилген пландан четтеп, коммерциялык жайга айландырганы аныкталган. Бул соода-сатык келишимдеринин шарттарын, комплекстин жашоочуларынын мыйзамдуу укуктарын бузуп, айланадагы жол абалын да начарлаткан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында курулуш ишканасынын директору О.Б.М. жана көзөмөл жүргүзгөн долбоорлоо уюмунун жетекчиси Б.Э.Б. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар долбоордун ишке ашпай жатканы боюнча өздөрүнүн аракеттери мыйзамсыз экенин моюнга алышып, жанаша жайгашкан аймакка тиешелүү унаа токтотуучу жайды талаптагыдай уюштурууну убада кылышкан.
УКМК ушул сыяктуу мыйзам бузуулардын башка учурларын аныктоо боюнча ишин улантып, жарандардын укуктарына шек келтирбөөнү катуу эскертет, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлерин жана кызмат адамдарын, курулуш уюмдарынын өкүлдөрүн өз ишин мыйзамдын талаптарынын так негизинде жүргүзүүгө чакырып, одоно мыйзам бузуулар үчүн кылмыш жоопкерчилигин эскертет.