11:54
USD 87.45
EUR 102.69
RUB 1.04

Жогорку Кеңешке шайлоо. Бишкек шаарынын мэриясы түшүндүрүү иш-чараларын өткөрөт

Бишкек шаардык мэриясында алдыда боло турчу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жыйын өткөнүн муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга мэриянын аппарат жетекчиси Ильяс Колопов, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы, Кайрат Маматов, БШК мүчөсү; Рыскул Бактыбаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышкан.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу калкка кеңири масштабдуу түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү, ошондой эле шайлоо учурунда участкалык шайлоо комиссияларын сапаттуу окутуу зарыл экендиги айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар