2025-жылдын сегиз айында Акыйкатчы институтуна кыйноолор боюнча 39 арыз түшкөнүн анын басма сөз кызматы билдирди.
Институт конституциялык мыйзамга кол коюлганга чейин эле, өз ыйгарым укуктарынын алкагында, кыйноолордун жана ырайымсыз мамилелердин алдын алуу боюнча активдүү иш алып барып келген жана мындан ары да уланта берет.
Кыргыз Республикасынын «Акыйкатчы жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Акыйкатчы кайсы убакта болбосун кармалгандарга, алдын-ала камоо жайларына, соттолгондор жазасын өтөөчү жайларга жана мажбурлап дарылоочу жана кайра тарбиялоочу мекемелерге, психиатриялык ооруканаларга тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.
Алсак, 2024-жылы Акыйкатчы Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК), Ички иштер министрилигинин (ИИМ), Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жабык жайларына 258 жолу инспекция жана мониторинг жүргүзгөн.
2024-жылы келип түшкөн арыздардын негизинде укук коргоо органдарына 36 Көңүл буруу актысы жөнөтүлүп, анын жыйынтыгында 22 кызматкер жоопкерчиликке тартылган.
2025-жылдын 8 айында кыйноолор боюнча 39 арыз келип түшкөн.
Белгилей кетсек, институттун ыйгарым укуктарынын кеңейүүсү жана анын укуктук макамынын бекемделүүсү кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелердин жана жазалардын алдын алуу боюнча ишти күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
Улуттук алдын алуу механизми — Акыйкатчы институтунун кеңейтилген мандатынын алкагында, көз карандысыздык, ыкчамдуулук жана эл аралык стандарттарга берилгендик принциптерин сактоо менен ишин улантат.