21:38
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.04

Жогорку Кеңеш таркады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтүшү мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 24-сентябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышын өзүн-өзү таратуу жөнүндө» токтом кабыл алышты.

Жыйында депутат Улан Примов баяндама жасап, демилгенин себептерин атады. Ал кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айына, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганын белгилеп, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылган.

Демилгечилерге Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев суроо узатты.

«Шайлоочулар «Эмне үчүн депутаттарды мандатын тапшырып кеткиле десе кетпейт, эми калгыла десе, кетебиз деп жатышат. Жарандарга кантип жооп беребиз? Эмне үчүн жазында шайлоо болбой калды?» — деп сурады депутат.

Андан соң спикер башка депутаттарга сөз берүүгө убакыт бербей, маселени добушка койду. Жыйынга катышкан 89 депутаттын 84ү токтомго макул деп добуш берди. Эч ким каршы добуш берген жок.

Эң көп окулган жаңылыктар