Бүгүн, 25-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн саат 9:00дөн 17:00гө чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек жолу проспектиси, Жаш Гвардия, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.
Анын ичинде Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын бешик, Салам Алик конуштары жана Маевка айылы бар.
Суу «Северный» суу алгычындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.