04:23
USD 87.45
EUR 102.95
RUB 1.05

Кыргызстандык мушкер Муртазали Магомедов UFC уюму менен келишимди утуп алды

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Кыргызстандык спортчу Муртазали Магомедов (10-0) UFC менен келишимди утуп алды. Бул тууралуу UFC.com өзүнүн Instagram баракчасында билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында Дана Уайттын Контендер сериясынын турниринин акыркы жумасы өттү.

Экинчи беттеште мурдагы OCTAGON чемпиону кыргызстандык Муртазали Магомедов мексикалык Брайан Цурхер менен (9:1) беттешти.

Кыргызстандык атаандашын биринчи раундда эле нокаут менен жеңип, 1 мүнөт 37 секундда жеңишке жетти.

Турнирдин жыйынтыгында UFC уюмунун президенти Дана Уайт Муртазали Магомедовду куттуктап, аны дүйнөнүн эң күчтүү лигасына чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар