17:19
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.04

Парламенттин өзүн-өзү таратуусу. Демилге ЖК комитети тарабынан жактырылды

Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети парламентти өзүн-өзү таратуу маселесин карады.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышын өзүн-өзү таркатуу сунушу жөнүндө» деген маселе боюнча депутат Улан Примов баяндама жасап, 2026-жылдын ноябрь айына белгиленген парламенттик шайлоодон кийин 2027-жылдын январында президенттик шайлоо болорун эске салды.

«Бул саясий туруксуздукка алып келиши мүмкүн. Бийликтин бардык бутактары толук кубаттуулукта иштеши керек. Катарынан эки масштабдуу шайлоо кампаниясын уюштуруу чоң каржылык, адамдык жана материалдык-техникалык ресурстарды талап кылат. Бул шайлоо системасына ашыкча жүк салып, катачылыктарга жана мыйзам бузууларга алып келиши мүмкүн», — деди ал.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар документти өзүн-өзү таратуу жөнүндө чечим кабыл алуу мөөнөтүн аныктоо үчүн Координациялык кеңештин кароосуна киргизишти.

Эң көп окулган жаңылыктар