Жер үстүндөгү орточо басымдагы газ түтүгүн куруу иштерине байланыштуу 23-сентябрдан 24-сентябрга чейин борбор калаанын бир бөлүгүнө жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Газ өчүрүлө турган аймактар:
Жал-29 кичи району, Тыналиев, Масалиев, Жайыл Баатыр, Репина, Садырбаев, Валдайская көчөлөрү.
Учурда ишенимдүү жана коопсуз газ менен камсыздоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Шаар бийлиги тургундардан өчүрүүлөр учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранып, убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.