20:50
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.04

Бишкектин Жылуулук электр борбору Казакстандан 200 миң тонна көмүр алат

2025/2026-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 1 миллион 400 миң тонна көмүр жеткирүү пландалып, анын 200 миңи Казакстандан ташылып келинет. Бул тууралуу Бишкек Жылуулук электр борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын маалыматы боюнча, көмүрдүн 200 миң тоннасы D маркасы, 350 миң тоннасы жогорку калориялуу В3, BR көмүрү Агулак кенинен, 850 миң тоннасы В3, BR маркасындагы көмүр болот.

ЖЭБдин кампасында калган көмүрдүн көлөмү 298 миң 588 тоннаны түзөт.

Маалыматка ылайык, бардык тендерлер Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөрүлдү. Учурда техникалык регламенттерди жана коопсуздук чараларын сактоо менен иш бекитилген график боюнча жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар