20:46
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.04

ЖК депутаты жөлөкпулдарды тактоо үчүн call -борбор ачууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты жөлөкпулдарды тактоо үчүн call -борбор ачууну сунуштап жатат. Бул тууралуу Социалдык саясат комитетинин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, көптөгөн жарандар жөлөк пул маселеси боюнча кеңешке муктаж.

«Бирок ала турган жери жок. Анан бизге чалышат, а биз аргасыздан министрликке чалабыз. Эмгек министрлигинин стационардык номурлары бар, бирок аларга эч ким жооп бербейт. Социалдык тармактарда call -борбор ачып, жарандардын суроолоруна ыкчам жооп берүүгө убакыт келди», — деп кошумчалады Дастан Бекешев.

Эмгек министринин орун басары Ализа Солтонбекова белгилегендей, министрликтин жөлөкпулдар бөлүмүндө төрт гана адис бар. Алар жетише албайт. COVID учурунда 117 ишеним телефону иштеп, адистер жөлөкпулдар боюнча суроолорго жооп беришкен. Бирок азыр ал иштебей жатат, мен аны кайра ачуу керек деп ойлойм", — деп кошумчалады ал.

Эл өкүлү Дастан Бекешев call -борборго ыктыярчыларды тартууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар