Москва шаарында Live Arenaда «Интервидение-2025» эл аралык музыкалык сынагы жыйынтыкталды. Вьетнамдын өкүлү Дук Фук калыстар тобунун көпчүлүк добушу менен жеңүүчү аталды. Ал эми «Nomad» триосу Кыргызстандын намысын коргоп, 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду ээледи.
Азат Раимбердиев, Бек Исраилов жана Миңжашар Мурзаевден турган «Көчмөндөр триосу» улуттук маданияттын байлыгын даңазалаган кыргыздын салттуу мотивдери менен заманбап аранжировкалардын гармониялуу айкалышы болгон «Жалгыз сага» ырын аткарышты.
Белгиленгендей, кийинки «Интервидение-2026» сынагын өткөрүү укугу Сауд Аравиясына берилди.