2025-жылы Бишкек шаарындагы жолдорду жана көпүрөлөрдү капиталдык оңдоого жана курууга 5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Биринчи радиого Бишкек шаардык транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин башталган көчөлөрдөгү бардык асфальт-бетон иштерин октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
«Мамлекеттик стандарт боюнча абанын температурасы 5 градустан төмөн түшкөндө асфальт төшөлбөйт. Ал эми бетон жана жер жумуштары кышка чейин уланат», — дейт Абдыжапаркул Жанболотов.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү шаарда унаа тыгыны жаралууда. Онлайн кызматтар 10 упайдын 9ун көргөзүп жатышат. Буга дагы жүрүп жаткан жол оңдоо иштери себеп болууда.