02:50
USD 87.45
EUR 103.44
RUB 1.05

Бүгүн Бишкекте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жолугат

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтөт.

Жолугушууга Азербайжадын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышат жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу багыттарда: экономика, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу, ошондой эле аны мындан ары бекемдөө үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүнүн механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланат.

Эң көп окулган жаңылыктар