Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынганын UWW сайты билдирди.
76 килограмм салмак ченинде финалда ал Женесис Розангела Валдеске (эквадор) 2:4 эсебинде утулуп калды.
Буга чейин кыргызстандыктар Түркия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрүн жеңген.
Ал эми Нурзат Нуртаева (72 килограмм салмакта) бүгүн коло медаль үчүн күрөшөт.