03:33
USD 87.45
EUR 103.62
RUB 1.06

Айпери Медет кызы Хорватияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Айпери Медет кызы Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Бул тууралуу UWW сайтында маалымдалды.

Кыргызстандык балбан 76 килограмм салмакта күч сынашып, 1/8 финалдык баскычтан баштап, 19 жаштагы Европа чемпиону (U-23) түркиялык Элмира Ясинди мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Чейрек финалда Айпери Медет кызы азыркы панамерикалык чемпион АКШдан келген Кейли Рене Уэлкер менен килемге чыкты. Биздин спортчу 2:3 эсебинде утулуп жаткан, бирок беттештин бүтөөрүнө 10 секунд калганда жеңишти тартып алган.

Жарым финалда кыргызстандык балбан украиналык Анастасия Алпееваны 10:5 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн чечүүчү беттеште Айпери Медет кызы Женесис Розангела Валдез (Эквадор) менен беттешет.

Эске салсак, кыргызстандык Бекзат Алмаз уулу Хорватияда өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган.

Эң көп окулган жаңылыктар