19:15
USD 87.45
EUR 103.16
RUB 1.06

Бишкекте ири кибер алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Кыргызстанда ири кибер алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 27-28-август аралыгында белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын жана УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, Бишкек шаарынын 67 жаштагы тургунуна тиешелүү болгон 600 миң сомун ээлеп алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган шектүү ошол топто болгону аныкталган. Ал активатор ролун аткарып келген.

Аталган жигит SIM-карталарды өзүнүн атына же башка адамдардын атына каттап, активдештирүү жана номерлерди WhatsApp мессенжерине байлоо менен кийинчерээк үчүнчү жактарга сатып турган.

Анын жанынан уюлдук байланыш операторлоруна таандык 700 активдештирилген SIM-карта табылган. Соттун чечими менен шектүү камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар