14:33
USD 87.45
EUR 103.16
RUB 1.06

Кыргызстан Евробиримдиктин кара тизмесинен качан чыгары айтылды

Министрлер кабинет өлкөнүн Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат. Максаты — Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эксперттеринин сунуштарын эске алуу менен документти эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасы 2023-2024-жылдары Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөн.

«Биз Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгуунун акыркы баскычында турабыз. Октябрда агенттиктин делегациясы Брюсселге барып, Еврокомиссиянын өкүлдөрү менен жолугушат. Анда биздин бардык реформаларыбыз жана көрүлгөн чараларыбыз тууралуу маалымат берилет», — деди ал.

" Ал эми декабрда Еврокомиссия Кыргыз Республикасында акыркы аудит жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча 2026-жылдын май айында Кыргызстанды Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынат", — деп кошумчалады Канат Төлөгөнов.

Эң көп окулган жаңылыктар