Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз 17-сентябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында жогорку даражалуу коноктун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуусу пландалууда.
Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Түркия вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын 12-жыйыны өткөрүлөт, анда тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашат.
Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын отурумунун жыйынтыгында эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Ошондой эле, сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы жана Түркиянын вице-президенти бизнес-форумга, ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышат.