13:00
USD 87.45
EUR 103.16
RUB 1.06

Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү сегиз айда 1 триллион сомдон ашты

Кыргызстанда 2025-жылдын январь-август айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 трлн 42,1 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ИДП 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11%га өскөн.

ИДПнын жалпы көлөмүндө тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 50,8 пайызды, товардык өндүрүш тармактары 33,4 пайызды, продукцияга таза салыктар 15,8 пайызды түзгөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүн камсыз кылган негизги тармактар ​​өткөн жылдын январь-августунан айырмаланып, фармацевтика (2,2 эсе), тамак-аш азыктары (анын ичинде суусундуктар) жана тамеки буюмдарын өндүрүү (44,4 пайызга) болду.

Керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 2025-жылдын январь-августунда (2024-жылдын декабрына салыштырмалуу) 5,4 пайызды түздү. Жылдык эсеп менен алганда сегиз айда инфляция 9,5 пайызды түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар