Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстанга расмий сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, спикер иш сапарынын алкагында өлкө президенти Эмомали Рахмон, Жогорку Кеңештин Улуттук кеңешинин төрагасы Рустам Эмомали жана Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушат.
Парламенттик делегациянын курамына депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Мурадил Сыдыков, Пархат Тулендыбаев, Арсланбек Малиев, Бекмурза Эргешов, Чыңгыз Ажыбаев жана Бактияр Калпаев дагы кирди.