18:49
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин системасындагы коррупциялык схема аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти Коргоо министрлигинин кызмат адамдарынан акча алуу боюнча коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кой-Таш» аскер бөлүгүндө мобилизациялык резервдик жыйымдар башкармалыгынын айрым кызматкерлери өлкөнүн жогорку жетекчилигинин жүргүзүп жаткан саясатына каршы, Куралдуу Күчтөрдүн кызыкчылыгына жана беделине доо кетирип, жеке баюу максатында акча каражаттарын талап кылуу менен алектенишкен.

«Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча окуу батальонунун командиринин орун басары, майор Б.М.М. жана окуу батальонунун 2-ротасынын 1-взводунун командири лейтенант К.А.Б. «Кой-Таш» аскер бөлүгүндө жайгашкан мобилизациялык резервдин окуусунан өтүп жаткан чакырылуучулардан мыйзамсыз кыска мөөнөттүү өргүү, бөлүктөн уруксатсыз чыгуу мүмкүнчүлүгү жана уюлдук телефон колдонуу түрүндөгү айрым жеңилдиктерди берүү үчүн акча талап кылуунун системалуу схемасын уюштурган. Бул кызматтары үчүн кызматкерлер 1000 сомдон 50 000 сомго чейин акча алышкан», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча КР УКМК тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 342-беренеси «Пара алуу» боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишинин алкагында милициянын майору Б.М.М. жана лейтенант К.А.Б. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

Учурда өлкөнүн коргоо мекемесинде коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар